Жогорку Кеңеште онлайн насыя берүүнү татаалдаштыруу сунушталды

10:57, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков онлайн насыя берүү системасын татаалдаштырууну суранды.

Ал министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон алдамчылар пайдаланып калбашы үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана Улуттук банкка онлайн насыя берүүнүн жаңы системасын иштеп чыгууну тапшырууну өтүндү.

Өмүрзаковдун айтымында, сегиз айдын ичинде Ички иштер министрлигинде кредит берүүнүн бул түрү менен алдамчылыктын 705 фактысы катталган.