«Ифрит» аттуу коркунучтуу кыргыз тасмасы жарыкка чыкты

10:50, 12 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-сентябрда режиссёр Санжар Осмонбеков тарткан «Ифрит» аттуу кыргыз коркунучтуу тасмасы жарык көрдү.

Күндөрдүн биринде Замирдин үй-бүлөсүндө кыйынчылык болот. Улуу кызы Айдай бул трагедияга өзүн күнөөлөп, терең депрессияга түшкөн. Күндөн-күнгө ал тынымсыз түнт түштөрдөн жана галлюцинациялардан улам начарлап баратат. Дарыдан каалаган натыйжаны албаган Замир гинолог Сейитке жардам сурап кайрылууга аргасыз болот.

Режиссер: Санжар Осмонбеков.

Жанр: коркунучтуу, купуя, драма.

Актёрлор: Элдияр Жарашев, Бегайым Асанакунова, Жылдызбек Касеинов.

Тили: кыргыз (орусча субтитрлер).