12-сентябрга карата аба ырайы

19:54, 11 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +22...+27 градус болот.