Жолдорду оңдоп-түзөө: Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

17:49, 11 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүндө жол оңдоо иштери уланууда. Мэрия эки жолдун кесилишин жабуу пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда.

Юнусалиев менен Медеров көчөлөрүнүн кесилиши 13-сентябрда жабылып, 14-сентябрда ачылат.

14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.