Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Өзбекстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши аяктады. Оюн 2:3 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына чечилди.
Биринчи таймда таймаш 2:2 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө өзбек спортчулары эсепти жаңылап, «Ак шумкарлардын» дарбазасына гол киргизди.
Буга чейин 5-сентябрда 1-турдагы матчта Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешкен. Анда ирандыктар жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, жалпысынан 18 команда 3 топко бөлүнгөн.
Кыргызстандын курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея менен А тайпасында жайгашкан