16:40, 10 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Москва поезди 18-декабрдан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-6-сентябрда мамлекеттик ишкананын адистери КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2025-жылга эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин иштеп чыгуу боюнча Москвада өткөн кеңешмеге катышты.
Жыйындын жыйынтыгында 18-декабрдан тарта Бишкек-Москва жүргүнчүлөр поездинин ишин жандандыруу боюнча Орусия жана Казакстандын темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Ал жумасына эки жолу өтөт.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоодон улам Самарага поезд каттамы кыскарганын эске салды.
Сатуулардын башталышы жана билеттердин баалары кошумча жарыяланат.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылы Бишкек — Казань (жумасына бир жолу), Бишкек — Новосибирск (сегиз күндө бир жолу) жүргүнчү поезддери ишин улантат.