Бишкек мэриясы башка имаратка көчөбү? Айбек Жунушалиевдин жообу

13:19, 10 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 24.kg басылмасына мэрия башка имаратка көчпөй турганын билдирди.

«Бүгүнкү күндө бардык чечимдер кабыл алынган. Экономика жана тышкы иштер министрликтери Эски аянттагы имаратка көчүштү. Бишкек мэриясы өз ордунда калды. Бул да тарых», — деп жооп берди ал редакциянын суроосуна.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын муниципалитети Эски аянттагы өкмөт үйүнүн имаратына көчүп, ал эми анын имаратын президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү ээлей турганы маалымдалган.