Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
«Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду», — деди ал.
Мындан тышкары Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. Ал эми 2022-жылы Түркияда уюштуруп, быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.