16:30, 09 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) командасы алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий соцтармактагы баракчасында маалымдалды.
Монголиянын курама командасы менен болгон беттешүү 16:0 эсебинде биздин спортчулардын пайдасына аяктады.
Көкпар мелдешине жалпысынан тогуз команда катышууда.
Эске сала кетсек, көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдеши бүгүн, 9-сентябрда башталат.
Кыргызстандын атынан 268 спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтүп жатат. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн.