Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

14:15, 09 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.