«Ак-Жол-автодорожный» өткөрмө бекетинде мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, «Женго» каймана аты бар кримавторитет кармалганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, кримавторитет адам өлтүрүү боюнча соттолгон.
Аталган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМКнын Башкы башкармалыгы А.У.Ж жана башка уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштардын мүмкүн болгон фактыларын 0995012210 (WhatsApp) телефону аркылуу билдирүүнү суранат.