10:32, 09 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргыз фондулук биржасынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу КФБнын сайтында маалымдалды.
Ошондой эле, акционерлер эсептөө комиссиясынын курамын бекитип, биржанын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин талкуулашты.
Акционерлердин чечими менен КФБ Директорлор кеңешинин төмөнкү мүчөлөрү шайланды:
Талантбек Эсенгулович Өмүралиев;
Айдар Эркинбекович Убышев;
Анаркан Токтосуновна Ногойбаева;
Алмаз Калдарович Ташбаев;
Хасан Барлас Акынжы;
Арсланбек Болотбекович Кененбаев;
Нурбек Беккулович Элебаев;
Медетбек Тагайбекович Назаралиев;
Азаматбек Мелисбекович Абдыбеков.
Биржанын жаңыланган директорлор кеңешинин биринчи жыйынында төрага шайланды. Бул Талантбек Өмүралиев болчу. КФБнын директорлор кеңешинин башка чечими менен президенттин милдеттери биржанын вице-президенти Аида Чодуловага жүктөлдү.
Эске сала кетсек, Медет Назаралиев «КФБ» ААКнын директорлук кызматынан өз арызы менен кеткен.