15:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.

Алгач катышуучу мамлекеттердин спорттук делегацияларынын салттуу парады өттү. Оюндарды уюштуруучу өлкө катары парадды Кыргызстан ачып, уюштуруучу Казакстан мамлекети аяктады.

Уюштуруучулар белгилегендей, быйылкы оюндарга Азия, Европа, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка жана Австралиянын спортчулары катышууда. Ага 85тен ашык өлкөдөн өкүлдөр жана 3 миңдей катышуучу келери күтүлүүдө. Жалпысынан 97 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын курамасынын 180 спортчусу оюндун 18 түрү боюнча таймашат. Мелдештерди өткөрүүгө 560 ат тартылат. Алар «Аргымак» жана «Казанат» комплекстерине жайгаштырылды. Ошондой эле оюндардагы салттуу аңчылыкка 45 канаттуу катышат, анын ичинде Монголиянын жана Кыргызстандын бүркүттөрү да бар.

Иш-чаранын конокторуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театралдаштырылган шоу көрсөтүлдү. Оюндарга катышкан өлкөлөрдүн чыгармачыл жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

 Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндарынын таржымалы, түбү бир тууган элдердин карым-катышы тууралуу сөз сүйлөдү.

«Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан кыргыз боорлорума рахмат айтамын. Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк көчмөн маданиятынын олимпиадасы десек болот», — деди Токаев.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын баш калаасындагы «Астана Арена» стадионунда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Оюндардын ачылышынын алдында Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери жана башка делегация башчылары оюндардын ачылыш аземи өтчү стадионго бет алышты.

«Астана арена» спорт комплексиндеги салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын президент Садыр Жапаров,Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.

Эске салсак, оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда

Эң көп окулган жаңылыктар