Бишкектен троллейбустардын биринчи партиясы Ошко келди

14:06, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектен троллейбустардын биринчи партиясы Ош шаарына келди. Бул тууралуу облустук борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Бакытбек Жетигенов жеринде келген алгачкы алты троллейбусту текшерип чыкты.

«Кийинки жумада дагы 10 троллейбус келүүсү күтүлүүдө. Бул троллейбустарды Ош шаарынын батыш тарабындагы кичи райондорго жаңы, үчүнчү линия боюнча алып чыгуу пландалууда», — деп билдиришти муниципалитеттен.

Ош мериясынын басма сөз кызматы. Бишкектен троллейбустар келди

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев троллейбустар борбордон толугу менен чыгарыла турганын билдирген. Анын айтымында, электроавтобустар жана башка коомдук транспорт кыймылдуураак жана шаардагы тыгындарды чечүүдө алардын каттамын өзгөртүүгө болот. Ал эми троллейбустар менен мындай чечүү мүмкүн эмес экендигин белгилеген.

Мэрия 100 троллейбусту Ошко өткөрүүнү сунуштап, Бишкекте байланыш түйүндөрүн демонтаждап башташган. Бул айрым жарандардын тынчсыздануусун жаратты. Август айынын аягында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жабдууларды өткөрүп берүүнү жактырышкан.