USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Кыргызстанда быйыл селден 22 адам каза болуп, 1 млрд сомдон ашык зыян келген

12:57, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2024-жылы сел 22 адамдын өмүрүн алып, жалпы зыян 1 миллиард сомдон ашык болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкө аймагында 331 сел катталган. 3 миң 752 үйдү, 84 социалдык объектилерди, 411 чакырым жолду сел каптап, 29 чакырым арыктарды бузушкан. 99 үй кооптуу деп табылган.

Селдин кесепетинен 88 бодо мал, 174 кой, 9 жылкы, 628 үй канаттуулары кырылып, 126 автоунаа жабыркаган.

Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 255 миллион сомду түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18