«Манас» аэропорту Канададан биринчи учакты кабыл алды

12:28, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аэропорту «Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясы үчүн биринчи Dash 8 Q400 учагын кабыл алды.

Bombardier Dash 8 Q400 кыска аралыкка учуучу турбовинттүү учак 2 миң километрге чейинки аралыкта 80 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган.

Эми жаңы учак аэропорттор ачыла элек болгондуктан, Каракол жана Нарындан башка Кыргызстандын бардык аймактарына каттайт.

Кошумчалай кетсек, Бишкек-Ош багыты боюнча биринчи каттам 27-сентябрга пландалган.