Кыргызстанда кайсы мектеп «Эң мыкты» деп табылды?

10:36, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы № 1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби «Кыргызстандын мыкты мектеби» болуп аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, беш этаптан турган республикалык тандоого жалпысынан 122 мектеп катышкан.

Тандоо Кыргызстандын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар жалпы билим берүү уюмдарынын арасында жайылтуу максатында өткөрүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, былтыркы жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби «Мыкты мектеп» деп табылган эле, ал мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен өзгөчө жасалгаланганы жогору бааланган.

Республиканын мыкты мектебин тандоонун алкагында Бишкек шаарында 26-сентябрда билим берүү марафону жана тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо аземи өткөрүлөт.