18:47, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эки министрин дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министри болуп Абсаттар Сыргабаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп Медер Машиев дайындалды.
Белгилей кетсек, эки талапкер тең Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир күн мурун жактырылган.