«Манас» аэропортунда кайрадан жардыруучу зат изделүүдө

18:34, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

«Манас» аэропортунда кайрадан жардыруучу зат изделип жатат. Бул маалыматты 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады.

Бомба тууралуу маалымат бүгүн, 5-сентябрда саат 17.00 чамасында түшкөн. Аэропортто болгондордун баары эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Учактарды каттоо убактылуу токтотулуп, учактар ​​кадимкидей конуп, учуп жатышат.

Эске сала кетсек, июнь, август айларында да бомба тууралуу маалымат түшкөн. Андан кийин маалымат тастыкталган эмес.