«Манас» аэропортунда кайрадан жардыруучу зат изделип жатат. Бул маалыматты 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады.
Бомба тууралуу маалымат бүгүн, 5-сентябрда саат 17.00 чамасында түшкөн. Аэропортто болгондордун баары эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Учактарды каттоо убактылуу токтотулуп, учактар кадимкидей конуп, учуп жатышат.
Эске сала кетсек, июнь, август айларында да бомба тууралуу маалымат түшкөн. Андан кийин маалымат тастыкталган эмес.