16:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна 29 кабаттуу үй курулат

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордунда 29 кабаттуу имарат пайда болот. Сыртында эскиздер жазылган баннерлер пайда болду.

Буга чейин бул жерге пайдубалы үчүн чуңкур казып башташкан, бирок эмне курулаары тууралуу маалымат айтылган эмес. Сүрөттөргө караганда, чуңкур Орозбеков көчөсүнө чейин жетип, жолду тарытып салган. Мындан тышкары, Киев көчөсүндөгү тротуардын бир бөлүгү да ээлеп турат. Адамдар газондо басууга аргасыз болушууда.

Мэрия буга чейин бош жаткан жерде эмне болору боюнча маалымат берүүнү жана көчө боюнча суроолорго жооп берүүнү убада кылган, бирок дыгы эле жоопсуз турат.

Буга чейин аталган аймакта муниципалдык унаа токтотуучу жай курула тургандыгы маалымдалган. Андан кийин муниципалитет бул жердин тагдыры чечилмейинче убактылуу чечим экенин айтылган.

Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуясында өрттөлгөн. 2013-жылы ошол кездеги көзөмөл органын жетектеп турган Аида Салянова «Өрттө бир топ аткаминерлерге козголгон кылмыш иштеринин документтери күйүп кеткендиктен, жашыра турган нерсеси бар мамлекеттик кызматкерлер үчүн пайдалуу болду», -деп айткан.

2022-жылдын декабрында 0,4 гектар жер тилкеси убактылуу пайдалануу укугуна аукционго коюлганы белгилүү болгон (ижара мөөнөтү — беш жыл). Бул үчүн жылына 6 млн сом сунуштаган «Шаако» ЖЧКсы утуп алган. Аталган ишкана менен мэрия келишим түзгөн. Келишимдин шарттарына ылайык, муниципалитет курулуп жаткан объектинин аянтынын 10 пайызын алат. Бирок кийинчерээк, анын маалыматы боюнча, компания жер тилкесин таштап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар