16:52, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Каржы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды бузган коммерциялык банкка 61 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.
Алар банк текшерүүнүн алкагында суралган документтерди жана маалыматтарды өз убагында бербегенин белгилешти.