10:35
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте № 1 шаардык оорукананын жаңы корпусунун курулушу башталды

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасында терапия бөлүмүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу расмий аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министригин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт мамлекетинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.

Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.Объекттин сметалык баасы 80 млн сомду түзүп, толугу менен «Ас-Сафа Центр» коомдук бирикмеси каржылайт. Курулуш иштери аяктагандан кийин зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен жабдылат.

Алымкадыр Бейшеналиев «Ас-Сафа Центр» коомдук бирикмесинин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

«№ 1 шаардык клиникалык оорукананын бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратынын курулушу жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бейтаптар менен кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Буга чейин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду бул ооруканага эки кабаттуу имарат куруп берген. Учурда ал имаратта кабыл алуу бөлүмү жана консультациялык-диагностика бөлүмү жайгашкан. Ошондой эле, жакынкы күндөрдө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган Гемодиализ борборунун имаратын ачуу пландалууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

«Терапия жана ангионеврология бөлүмдөрүнүн имараттары 1940-жылдары курулуп, быйыл ӨКМдин чечими менен жабылганга чейин иштеп, жаңыланууга муктаж болчу. Бул жагынан акыркы эки жылдан бери «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду бизге чоң жардам берип жатканы абдан кубандырат», — деди № 1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев.

Белгиленгендей, жалпы аянты 1530 м2 болгон төрт кабаттуу имаратка төмөнкүлөрдү камтыйт: Биринчи кабат — лаборатория (гематология, биохимия, ИФА), кир жуугуч жана техникалык жайлар. 1-кабат — пландуу бейтаптарды кароо бөлмөсү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, УЗИ, ЭКГ бөлмөлөрү, дарылоо бөлмөсү, санитардык жайлар жана башка керектүү техникалык жайлар. 2чи жана 3чү кабаттарда — Терапиялык бейтаптар бөлүмү; 2 орундуу интенсивдүү терапия залы, 36 орунга ылайкташкан 17 бөлмө, дарылоо бөлмөсү, тамак таратуу жайы бар буфет жана башка зарыл техникалык жайлар. Бейтаптарга толук текшерүүдөн өтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, дарылоонун толук курсун алуу үчүн бөлмөлөр каралат

Эң көп окулган жаңылыктар