12:18, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар жактырды.
Үстүбүздөгү жылдын август айында Абдалиев тиешелүү арыз менен депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырган.
Жогорку Кеӊеш БШК мүчөсү Марс Наспековдун кызматтан бошотулушуна макулдук берилди.