Кооптуу жүк ташыган айдоочуларга 500 миң сомдон ашык айып салынды

18:04, 04 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймагында беш күндүк масштабдуу рейддин алкагында жол инспекторлору тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 512 миң сом айып салынган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 26-августтан 30-августка чейин «Кооптуу жүк» рейди өткөрүлдү.

«Биз күйүүчү май, жарылуучу заттарды, газ түрүндөгү суюктуктарды, күйүүчү жана радиоактивдүү заттарды ташыган унааларды текшердик. «Рейддин жүрүшүндө 73 кооптуу жүк ташуучу унаа текшерилип, анын ичинен 63 айдоочуга эреже бузгандыгы үчүн айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары кооптуу жүктөрдү ташыган «Мунайзат сервис компани» ЖЧКсы, Кант нефтебазасы, «Альфа Ойл» ЖЧКсы жана «Ред Петролеум» ЖЧКсынын айдоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга жол эрежесин сактоо жана унааларынын техникалык абалын кылдаттык менен көзөмөлдөө зарылчылыгы эскертилди