Блогер Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду

18:46, 03 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгында УТРКнын мурдагы жетекчисинин орун басары Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган тургуну К.Э. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 8-июлда блогер Адыл Акжол уулу YouTube баракчасына жарыялаган видеосун өчүрүп салганы үчүн андан акча талап кылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин «Опузалап талап кылуу» негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.