ЖК комитети транспорт министрлигине Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин колдоду

14:08, 03 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин колдоду.

Белгилей кетсек, 11-июлдан бери ал Транспорт министрлигинин жетекчисинин милдетин аткарып келген. 2021-жылдын июль айынан бери Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Абсаттар Сыргабаев 1976-жылы 4-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган. Эки жогорку билими бар: юридикалык жана экономикалык.

«Мээрим-Ай» КФКда экспедитор, «Арион-Стар» ЖЧКсынын директору, Каржы полициясынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын опер кызматкери, Финансы полициясынын Сузак жана Тогуз-Торо райондору боюнча башкармалыгынын начальниги, өкүлчүлүктүн башчысы болуп иштеген.