8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 6 спортчу өлкө намысын коргойт.
Курама командасынын тизмеси:
— 60 кг Жекшенбек Турдубеков;
— 70 кг Бекмурза Токтошев;
— 80 кг Калыбек Бусурманкул уулу;
— 90 кг Ислам Бердибек уулу;
— 100 кг Турдукул Абдрахманов;
— +100 кг Күмүшбек Кыдыралиев.
Курама команда машыктыруучу Нурлан Турдубаев жетекчилиги алдында мелдешке катышат.