Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн

13:47, 02 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы туруксуз болушу ыктымал. Нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт, анын кесепетинен сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.