Президенттик аппараттын «Ынтымак ордо» жаңы имаратында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелердин аткарылышы, ошондой эле президенттик аппараттын үстүбүздөгү жумага карата иш планы каралды. талкууланды.
«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы — жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.
Жыйынга президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.
Эскерте кетсек, президенттик аппараттын жана министрлер кабинетинин жаңы имараты 30-августта ачылган. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Ынтымак Ордо» административдик объект гана эмес, чечкиндүүлүктүн архитектуралык символу жана достукка, биримдикке жана өнүгүүгө чакырган символ экенин белгилеген.