Жогорку Кеңеште күзгү сессия башталды. Жаңы 5 депутат ант берди

11:24, 02 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-сентябрда жайкы тыныгуудан кийин Жогорку Кеңешинин IV сессиясынын ачылышы болду. ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Андан соң жаңы келген депутаттар ант берип, депутаттык ишине киришти.

Алар:

Айжигит Тыналиев (№36 Ысык-Көл шайлоо округу);

Бакытбек Марипов (№5 Ноокат шайлоо округу);

Аккулу Бердиев («Бүтүн Кыргызстан» фракциясы);

Арсланбек Эгембердиев («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы);

Эрнис Айдаралиев («Ыйман Нуру» фракциясы).

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.