8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол, мангала жана овари боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 12 спортчу өлкө намысын коргойт.
Тогуз коргоол боюнча курамдын тизмеси:
— Марлис Дуулатбеков;
— Алтынай Шамбетова;
— Сырттан Сыргак уулу;
— Азиза Жамансатарова;
— Нурия Султанмуратова машыктыруучу.
Овари боюнча курамдын тизмеси:
— Айзада Бактыбекова;
— Айтурган Максатбек кызы;
— Кубан Сазаев;
— Талантбек Жигитали уулу;
— Камчыбек Касымов машыктыруучу.
Мангала боюнча курамдын тизмеси:
— Адина Асеева;
— Анарбек Жамакеев;
— Кубанычбек Ибрагимов;
— Гүлайым Сагыналиева;
— Улан Бусурманкулов машыктыруучу.
Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары ДКО Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн. VI оюндар Кыргыз Республикасында өтөт.