Паралимпиада-2024. Гүлназ Жүзбаева жеке рекордун жакшыртты

01:39, 02 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева коштоочусу Юлия Фурнас менен жарышка чыкты. Бул тууралуу турнирдин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, ал 1 миң 500 метр аралыкты 6 мүнөт 11,3 секундда чуркап өттү. Алдын ала жарыштарда алгачкы эки орунду ээлеген спортчулар кийинки турга өтүштү.

Белгилей кетсек, Гүлназ Жүзбаева өзүнүн жеке рекордун жакшырткан.

Кыргызстандык айым 13-орунда келди.