Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Тизме

19:08, 30 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын «Ала-Тоо» аянты жана бир катар көчөлөрү автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрам күнү борбордун бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

31-августта төмөнкү көчөлөр жабык болот:

— Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;

— Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.