17:57, 30 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчулар параддык форманы 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аталган кийим 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).
Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 183 спортчу катышат.