17:25, 30 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Келерки жуманын башында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы өз ишин баштайт. Депутаттар эс алуудан кайтып, 2-сентябрда ишке киришет.
Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйындар сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Эл өкүлдөрү адаттагыдай эле дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Жогорку Кеңештин профилдик комитеттериндеги жыйындарын өткөрүлөт.
Шаршемби жана бейшембиде парламенттин жыйыны, жума күнү, парламенттик фракциянын жыйындары өтөт.