5-сентябрда саат 20.00дө Ала-Тоо аянтында Иран менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командаларынын беттешин көрүү үчүн фан-зона ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бул дүйнөлүк чемпионатка тандоонун 3-турунда сапарын баштай турган улуттук курама командабызды колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Конокторго бай шоу-программа, оюн аянтчалары, бетти боёо, сынактар жана белектер тартууланат. Эстрада артисттери Баястан, Нило жана Айым Айылчиевалар катышат.
Иш-чарага кирүү акысыз.
Беттештин башталышы 22.00.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасы боюнча тандоо этабынын 3-туруна чыкты. 5-сентябрда Кыргызстан курамасы конокто Иран курама командасы менен беттешсе, 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстанды кабыл алат.