14:04, 30 августа 2024, Бишкек - 24.kg
ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт.