01:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Зомбулукка кабылган 15 жаштагы кызды кулчулукта кармашкан. Төрт шектүү кармалды

Ош облусунда сексуалдык кулчулукта жүргөн 15 жаштагы кыздын иши боюнча дагы эки, жалпысынан төрт кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү Кара-Суу районундагы каналга 15 жаштагы кызды кыздар жана балдар тобу алып барып сабап, кашын кырып, күч колдонуп белгисиз тарапка кармап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Ош облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздардын тобу өспүрүмгө өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүп, шантаж жолу менен сойкулукка мажбурлаганын аныкташкан.

ИИМдин басма сөз кызматы
Фото ИИМдин басма сөз кызматы. Камакка алынгандар

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин («Сойкулукка тартуу») негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү делип 21, 23, 20 жана 18 жаштагы кыздар кармалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, калган тиешеси бар адамдар менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Акыйкатчы Жамийла Жаманбаевага 15 жаштагы кыздын өкүлү Жахангир Сайфуллаев кайрылган. Анын айтымында, өспүрүм бир айдан ашык сексуалдык кулчулукта кармашкан. Кандайдыр бир баш ийбестик үчүн кызды жазалап, видеого тартып алышкан. Акыйкатчы укук коргоо органдарынан жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар