Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

14:08, 28 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.

«Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз», — деп айтылат маалыматта.