Муфтиятта call-борбору ачылды

12:33, 28 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-августта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борбордун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, call-борбордо бардык маселелер боюнча мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын диний, шарияттык суроолоруна жооп беришет.

Муфтият

«Азыр маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо турабыз. Жарандар үйүндө туруп алып, өздөрү каалаган диний суроолоруна жооп ала турган колл-центр керек эле. Алла Таала мүмкүнчүлүк берип, ушул демилгени ишке ашырып алдык. Борбор акжолтой болуп, элибизге диний жактан жакшы кызмат кылат деп ишенебиз», — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Call-борборунун иш убактысы дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин, саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин болмокчу. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996 550 557 775 номурун териңиз!