Салыкчылардын иш убактысы үч күнгө узартылды

11:11, 28 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын салык органдары жарандардын мүлк салыгын төлөө процессин жеңилдетүү үчүн күчөтүлгөн иштөө режимине өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери демейдегиден узагыраак иштешет: 29 жана 30-августта — 21.00гө чейин, 31-августта — 18.00гө чейин. Бул учурда салык төлөөчүлөр мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча кеңеш ала алышат.

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.