Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт. Президент Садыр Жапаров үн катты

09:05, 28 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Эгемендүүлүк майрамы, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянттында чет элдик ырчылардын катышуусунда концерт болот. Бул концерт соцтармакта катуу талкууга алынууда. Бул боюнча президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигиндеги маегинде сөз кылды.

Мамлекет башчысы «Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми биздин көз карандысыздыгыбызды куттуктап, эли-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы», -деди.

Ошондой эле Жапаров ырчылара гонорар төлөнбөй турганын белгилеген.

«Гонорар албай эле келип кетебиз дешкен экен. Кудай жалгасын дедим. Албетте, жата турган жерин, тамак-ашын камсыз кылып беребиз. Биз меймандос калкпыз», — деди ал.

Мындан тышкары Эгемендүүлүк майрамына дүйнөлүк державалардын президенттери келээри белгиленди.

" Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз", -деди өлкө башчысы.