Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоого жабылды

18:41, 27 августа 2024, Бишкек - 24.kg

«Бишкекасфальтервис» муниципалдык ишканасы тарабынан А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эски асфальтты фрезалоо иштерин баштоо пландалууда. Курулуш учурунда жол кеңейтилип, шагыл мастикалык асфальт төшөлөт.

Аталган иштер 2024-жылга карата жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштери «Технотоп» ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.