Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

11:46, 27 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Азат Козубеков Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Козубеков Азат Айбекович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Фото Интернеттен алынды

Азат Козубеков 37 жашта. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредиттик операциялар бөлүмүн жетектеп келген.