19:25, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg
27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30 градус ысыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16°, күндүз 29...31° ысык болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 25-августта күндүз 22,8°, 26-августта эртең менен 21,1° түздү.