ЖК депутаты ЖРТда жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучуларга 1 миллион сом таратат

14:08, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рустамбек Советбек уулу Ноокат районундагы Бүткүл республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жана мамлекеттик «Алтын тамга» аттестациясынын жыйынтыгы боюнча жакшы жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу ал Ош облусунун Ноокат районундагы мугалимдердин август конференциясында билдирди.

Белгилей кетсек, жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына депутат акчалай сыйлыктарды өз каражатынан берүүнү убада кылганын тастыктады