USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

11:44, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-бажы кызматкери 26-октябрга чейин СИЗОдо болот.

Буга чейин Кара-Суу райондук соту Райымбек Матраимовдун агасы, мурдагы аким Тилек Матраимовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, оор залал келтиргени үчүн 1 миллион сом айыпка жыккан. Ош облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды.

Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармаган. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика