Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Түркияда машыгууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюнчулар ал жерде 3-сентябрга чейин болушат. Ал эми 5-сентябрда Ирандын, 10-сентябрда Өзбекстандын курамасы менен беттешет.
Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо турунун оюндары 5- сентябрда башталат.