Дүйнө чемпионаты — U17: Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду алды

10:23, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Иорданияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Амман шаарында 17 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өттү. Жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандыктар командалык эсепте 104 упай топтоп, төрт медаль (үч алтын жана бир коло) жеңип алышты.

Кыргызстандык команда АКШ(152) жана Ирандан (132) кийинки орунга татыктуу болду.